# 20-берене. Активдер менен операциялардан түшүүлөр жана милдеттенмелерди кабыл алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 20-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-20

---

1. Каржылык эмес жана каржылык активдер менен операциялардан жана милдеттемелерди кабыл алуу менен байланышкан операциялардан бардык акчалай түшүүлөр бюджеттин ресурстук бөлүгүндө чагылдырылат.

2. Негизги фонддордун, запастардын жана өндүрүштүк эмес активдердин бардык түрлөрүн сатуудан акчалай каражаттар каржылык эмес активдер менен операциялардан түшүүлөр болуп саналат.

3. Узак мөөнөттүү, кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды сатууну жана ишканалардын менчигинин (акцияларынын) мамлекеттик (муниципалдык) үлүшүн сатууну кошуп алганда каржылык активдерди сатуудан түшкөн акчалай каржаттар каржылык активдер менен операциялардан түшүүлөр болуп саналат.

4. Ички жана тышкы булактардан карызга алуулардан түшкөн акчалай каржаттар милдеттемелерди кабыл алуу менен байланышкан операциялардан түшүүлөр болуп саналат.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-21)
