# 18-берене. Бюджеттин кирешелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2025 [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343); 18.07.2018 [Закон КР от 18 июля 2018 года № 69 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111811)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 18-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-18

---

1. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин кирешелери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген салыктар, бажы төлөмдөрү, салыктык эмес төлөмдөр, төгүмдөр, камсыздандыруу төгүмдөрү, чегерүүлөр жана жыйымдар түрүндө, ошондой эле алынган трансферттер түрүндө Кыргыз Республикасынын тийиштүү бюджеттерине түшүүчү акчалай каражаттар болуп саналат.

11. Республикалык бюджеттин кирешелеринде Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечимдерине ылайык республикалык бюджеттин салыктык эмес кирешелеринин эсебине түшкөн каржылык эмес активдердин наркы эсепке алынат.

2. Салыктык кирешелер Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдары менен каралган салыктардан, жыйымдардан жана чегерүүлөрдөн түшүүлөрдү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көрсөтүлгөн мыйзамдарын бузгандыгы үчүн кошуп эсептелген пайыздардан, туумдардан жана санкциялардан түшүүлөрдү камтыйт.

3. Салыктык эмес кирешелер - бул салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарда каралган жана салык, бажы төлөмдөрү, мамлекеттик социалдык камсыздоо боюнча төлөмдөр жана расмий трансферттер болуп саналбаган мамлекеттик бюджеттин кирешелери.

4. Расмий трансферттер төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) чет өлкөлүк мамлекеттердин өкмөттөрүнөн алынган гранттар;

2) эл аралдык уюмдардан алынган гранттар;

3) бюджеттер аралык трансферттер.

5. Капиталдык кирешелерге капиталдык активдерди (негизги фонддорду, мамлекеттик запастарды жана резервдерди, жерди) сатуудан алынган кирешелер кирет. Капиталдык кирешелер жана алынган расмий трансферттер капиталдык чыгымдарды каржылоого багытталат.

(КР 2018-жылдын 18-июлундагы № 69, 2022-жылдын 18-январындагы № 2 , 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-19)
