# 14-берене. Мамлекеттик башкаруу секторунун консолидацияланган бюджети

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 14-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-14

---

(Берененин аталышы КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин түзөт.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин жана аны аткаруу жөнүндө жылдык отчетту ар жылы түзөт жана ушул Кодексте белгиленген тартипте бюджеттерди жана аларды аткаруу жөнүндө тиешелүү отчетторду бекиткенден кийин Министрлер Кабинетине жана Жогорку Кеңешке маалымат үчүн берет.

3. Мамлекеттик бюджет жана Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторунун консолидацияланган бюджетин түзөт.

4. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыктыярдуу кайрымдуулуктардын эсебинен түзүлүүчү фонддорду кошпогондо, бюджеттик эмес фонддорду түзүүгө тыюу салынат.

(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-15)
