# 131-берене. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каржылык тартиптин сакталышынын контролу жана анын мониторинги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2025 [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-131>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-131.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 131-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-131

---

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышына финансылык контролду жана мониторингди, бюджет аралык трансферттерди жана мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каржылык тартипти жана ушул Кодекстин жоболорунун сакташын кошуп алганда, бюджеттик ассигновалиердин максаттуу пайдаланылышына контролду жүзөгө ашырат.

Бюджеттин аткарылышына контролдун жана мониторингдин, ошондой эле жүргүзүлгөн ички жана тышкы аудиттин жүрүшүндө бюджеттик мыйзамдарда табылган бузуулардын натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Министрлер Кабинетине каржылык бузуулар табылган программаларды жана иш-чараларды жүзөгө ашырууда (пайдаланууда) каржылоого (бюджеттер аралык трансферттерди берүүгө) чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизилет.

Чектөөлөрдү киргизүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Каржылык бузуулардын табылган фактылары кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге бюджетти тактоодо жана бюджеттин долбоорлорун түзүүдө четтетилет.

2. Бирдиктүү казыналык эсептен тышкары мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн кирешелерди түзүүнүн жана пайдалануунун фактылары табылган учурда көрсөтүлгөн кирешелердин суммасы тиешелүү бюджеттин кирешесине кошуп эсептөөгө жатат.

3. Бюджеттик мекеменин казыналык эсебинде каражаттар болбогондо мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшкөн кирешелердин эсебинен же болбосо бюджеттик чыгашаларды кыскартуунун эсебинен тиешелүү бюджеттин кирешесине өндүрүп алынат.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [130-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-130)  
Кийинки берене: [132-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-132)
