# 130-берене. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык тартипти бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=1283677..1283680>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-130>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-130.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 130-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-130

---

1. Министрлер Кабинети жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү бюджеттин балансталбаганынан улам келип чыккан милдеттенмелер боюнча өз алдынча жооп беришет.

2. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бюджеттик мекемелердин жетекчилери Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын талаптарын сактоону камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик алышат.

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бюджеттик мекемелердин бюджеттик каражаттарды сарптоо үчүн жоопкерчиликтүү болгон кызмат адамдары каржылык тартипти бузган жана кызматтык милдеттерин аткарбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.

3. Каржылык тартипти бузуу фактылары аныкталган учурда Эсептөө палатасы, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Президентке, Жогорку Кеңешке, Министрлер Кабинетине, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тийиштүү жетекчилерине мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык тартипти бузууга жол берген күнөөлүү кызмат адамдарын ээлеген кызмат орундарынан бошотуу тууралуу сунуштарды киргизет.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [129-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-129)  
Кийинки берене: [131-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-131)
