# 129-берене. Бюджеттик айкындуулукка баа берүү көрсөткүчтөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-129>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-129.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 129-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-129

---

1. Бюджеттик айкындуулуктун деңгээлин жана коомчулуктун бюджеттик маалыматка жетүүсүн баалоо үчүн Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бюджеттик индекстерди пайдаланат.

2. Республикалык бюджеттин ачыктыгынын индекси көз карандысыз эл аралык уюм тарабынан бааланат. Көз карандысыз баалоонун натыйжалары боюнча республикалык бюджеттин айкындуулугунун өсүшүн камсыз кылуу үчүн Министрлер Кабинети тарабынан чаралар көрүлөт.

3. Бюджеттик айкындуулуктун муниципалдык индекси Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган усулга ылайык коммерциялык эмес уюмдар (жарандардын демилгечи топтору) тарабынан бааланат. Коомдук баалоонун натыйжалары жергиликтүү бюджеттердин айкындуулугунун өсүшүн камсыз кылуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эске алынат.

(КР 2018-жылдын 18-июлундагы № 69 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [128-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-128)  
Кийинки берене: [130-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-130)
