# 126-берене. Жарандык бюджет

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2018 года № 69 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111811)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=1283671..1283672>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-126>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-126.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 126-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-126

---

1. Жарандык бюджет ушул берененин экинчи бөлүгүнүн жобосу менен каралган маалыматтарды (бюджеттик параметрлер, белгилүү бир каржылык мезгилге карата артыкчылыктар жана чечимдер жөнүндө) түшүнүктүү жана жөнөкөйлөтүлгөн формада баяндоону билдирет. Жарандык бюджет атайын билими жокторду кошуп алганда, жарандарга мамлекеттик каржылар жөнүндө маалымат алууга мүмкүндүк берет.

2. Жарандык бюджет мамлекеттик жашыруун сырларды коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен, Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген усулга ылайык түзүлөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын сайтына жайгаштырылат.

(КР 2018-жылдын 18-июлундагы № 69 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [125-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-125)  
Кийинки берене: [127-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-127)
