125-берене. Бюджеттерди жана бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчетторду жарыялоо
Күчүндө · 14.10.2025 редакциясы · 24-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн расмий сайтына мамлекеттик же башка мыйзам менен корголгон жашыруун сырды коргоону камсыз кылууну эске алуу менен маалымат алуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу менен төмөнкү документтерди алар белгиленген тартипте бекитилгенден (жактырылгандан, кабыл алынгандан) кийин 15 күндүн ичинде жайгаштырууга милдеттүү:
1) Фискалдык саясаттын негизги багыттары;
2) республикалык бюджеттин долбоору;
3) жарандык бюджет;
4) республикалык бюджет жөнүндө мыйзам;
5) республикалык бюджеттин аткарылышынын жарым жылдык баяндамасы;
6) республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Эсептөө палатасынын аудитинин отчету;
7) республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө кабыл алынган жылдык отчет;
8) бюджеттин аткарылышы жөнүндө ар бир айдагы отчеттор.
2. Социалдык фонд өзүнүн расмий сайтында жашыруундуулук режимин, мыйзам менен корголгон башка жашыруун сырды камсыз кылууну эске алуу менен алар бекитилгенден (жактырылгандан) кийин 15 күндүн ичинде төмөнкүдөй документтерди жайгаштырууга милдеттүү:
1) бюджеттин долбоорун;
2) бюджет жөнүндө мыйзамды;
3) бюджеттин аткарылышынын жарым жылдык баяндамасын;
4) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин аткарылышы жөнүндө бекитилген жылдык отчет;
5) бюджеттин аткарылышы жөнүндө ар бир айлык отчетту.
3. Кыргыз Республикасынын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду өзүнүн расмий сайтында жашыруундуулук режимин, мыйзам менен корголгон башка жашыруун сырды камсыз кылууну эске алуу менен алар бекитилгенден (жактырылгандан) кийин 15 күндүн ичинде төмөнкүдөй документтерди жайгаштырууга милдеттүү:
1) бюджеттин долбоорун;
2) бюджет жөнүндө мыйзамды;
3) бюджеттин аткарылышынын жарым жылдык баяндамасын;
4) Кыргыз Республикасынын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин аткарылышы жөнүндө бекитилген жылдык отчет;
5) бюджеттин аткарылышы жөнүндө ар бир айлык отчетту.
4. Бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсү (тескөөчүлөрү, алуучулары) жашыруундуулук режимин, мамлекеттик же мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сырды коргоону камсыз кылууну эске алуу менен алар бекитилгенден (жактырлыгандан) кийин 15 күндүн ичинде өздөрүнүн расмий сайттарына төмөнкү документтерди жайгаштырууга милдеттүү:
1) сектор боюнча бюджеттик чыгашалардын стратегиясын;
2) бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрүн (тескөөчүлөрдүн, алуучулардын) бюджетинин долбоорун;
3) бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрүн (тескөөчүлөрдүн, алуучулардын) бекитилген бюджетин;
4) бюджеттин аткарылышы жөнүндө жылдык отчетту, анын ичинде натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнө жетүү жөнүндө отчетторду;
5) бюджеттин аткарылышы жөнүндө ар бир айлык отчетту.
6) (КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7) (КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8) (КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
41. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн маалымат такталарына, расмий сайттарына, социалдык баракчаларына жана башка коммуникация каражаттарына төмөнкүлөр бекитилгенден (жактырылгандан) кийин 15 күндүн ичинде аларды жайгаштырууга милдеттүү:
1) жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору;
2) бекитилген жергиликтүү бюджеттер;
3) жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө жылдык отчеттор.
5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын учурдагы абалы жөнүндө маалыматтар ачык болуп саналат жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгаштырылууга жатат.
6. Ушул Кодексте белгиленген тартипте бекитилген бюджетти аткаруу жөнүндө отчеттор алар бекитилгенден кийин бир айдын ичинде жарыяланууга жатат.
(КР 2018-жылдын 18-июлундагы № 69, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
125-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 18.04.2025 · № 77
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111338/st-125" title="125-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>