# 120-берене. Мамлекеттик ички контроль тутуму

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=1283677..1283680>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-120>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-120.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 120-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-120

---

1. Мамлекеттин ресурстарын үнөмдүү, майнаптуу, натыйжалуу жана мыйзамдарды сактоо принциптеринин негизинде башкарууга көмөктөшүү максатында мамлекеттик ички контроль тутуму түзүлөт.

2. Мамлекеттик ички контроль тутуму ички контролдон, ички аудиттен жана алардын шайкештигинен турат.

3. Мамлекеттик башкаруу секторунун органдарынын жетекчилери алар башкарган бардык түзүмдөрдө, программаларда, операцияларда жана процесстерде ички контроль тутумунун иштөөсү үчүн жоопкерчилик тартышат.

4. Мамлекеттик ички контроль тутуму Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички контроль чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-119)  
Кийинки берене: [121-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-121)
