# 119-берене. Эсепке алуу жана каржылык отчеттуулук

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-119>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-119.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 119-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-119

---

1. Бухгалтердик эсепке алуу - Кыргыз Республикасынын жана тиешелүү аймактын (мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алар тарабынан түзүлгөн бюджеттик мекемелердин) каржылык жана каржылык эмес активдеринин жана милдеттенмелеринин абалы жөнүндө жана жогоруда көрсөтүлгөн активдердин, милдеттенмелердин өзгөрүүсүнө алып келүүчү операциялар жөнүндө маалыматтарды топтоонун, каттоонун жана акчалык туюнтууда жалпылоонун иреттелген тутуму.

Бухгалтердик эсепке алуу Бюджеттик классификациянын негизинде иштелип чыккан Эсептердин бирдиктүү планына ылайык жүзөгө ашырылат. Эсептердин бирдиктүү планы - бюджеттик мекемелердин бюджеттерин аткаруу жана чарбалык ишин аткаруу боюнча операцияларды бухгалтердик эсепке алуу үчүн арналган бухгалтердик эсептердин түзүмдөштүрүлгөн тизмеги. Бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү үчүн Эсептердин бирдиктүү планы Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

2. Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана каржылык отчеттуулукту түзүүнүн усулдук негиздери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

3. Бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр (тескөөчүлөр, алуучулар) каржылык отчеттуулукту түзүүдө бухгалтердик эсепке алуунун жана каржылык отчеттуулуктун бирдиктүү усулун жана стандарттарын сактоо менен ведомстволук (ички) актыларды колдонушат. Бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр (тескөөчүлөр, алуучулар) тарабынан каржылык отчеттуулукту берүү, мамлекеттик же башка мыйзам менен корголуучу жашыруун сырды камтыган маалыматтарды кошпогондо, маалымдуулуктун жана айкындуулуктун негизинде жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [118-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-118)  
Кийинки берене: [120-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-120)
