# 118-берене. Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттерин түзүү, кароо жана аткаруу жөнүндө отчетту бекитүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=1283677..1283680>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-118>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-118.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 118-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-118

---

1. Социалдык фонд жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду мурунку мезгил үчүн өзүдөрүнүн бюджеттерин аткаруу жөнүндө отчетту ушул берененин талаптарына ылайык Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте түзүшөт.

2. Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө жылдык отчетко төмөнкүлөр кирет:

1) бюджеттин көрсөткүчтөрүнүн: кирешелердин, чыгашалардын, дефициттин/профициттин жана башкалардын аткарылышы;

2) резервдик фонддун пайдаланылышы;

3) өнүктүрүү фондун түзүү жана аткаруу жөнүндө отчет;

4) насыялык жана дебитордук карыздын абалы жөнүндө отчет;

5) пландаштырылган максаттар боюнча жыйынтык көрсөткүчтөргө жетишүү жөнүндө маалымат;

6) жылдык бюджетти аткаруу боюнча объективдүү жана субъективдүү четтөөлөр тууралуу маалымат.

3. Социалдык фонд жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө жылдык отчетту иштеп чыгат жана отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-майынан кечиктирбестен Министрлер Кабинетине берет.

4. Министрлер Кабинети отчеттук мезгил үчүн Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө отчету отчеттук жылдан кийинки жылдын 15-майынан кечиктирбестен карайт жана Жогорку Кеңешке берет.

5. Эсептөө палатасы Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышын аудитордук текшерүүнүн натыйжалары боюнча отчетту отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-сентябрына чейин Жогорку Кеңешке берет.

6. Жогорку Кеңеш Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун отчеттук мезгилдеги бюджеттерин аткаруу тууралуу отчетту отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен карап чыгат жана аны кабыл алуу жөнүндө чечим чыгарат.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-117)  
Кийинки берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-119)
