# 116-берене. Республикалык бюджетти аткаруу тууралуу отчетту түзүү, кароо жана кабыл алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-116>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-116.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 116-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-116

---

1. Бюджеттик каражаттарды алуучулар отчеттук мезгилдин жыйынтыктары боюнча бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте түзүшөт.

2. Бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетко кыскача макроэкономикалык обзор жана төмөнкүдөй маалыматтар кирет:

1) республикалык бюджеттин көрсөткүчтөрүн аткаруу жөнүндө: кирешелер, чыгашалар, активдер жана милдеттенмелер менен операциялар, тартыштык;

2) Мамлекеттик бюджеттик резервди жана Президенттин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фонддорун пайдалануу жөнүндө;

3) бюджеттик мекемелердин кредитордук жана дебитордук карыздарынын абалы жөнүндө;

4) мамлекеттик карыздын абалы жөнүндө;

5) мамлекеттик карыз боюнча операциялар жөнүндө;

6) республикалык бюджетти аткаруу боюнча объективдүү жана субъективдүү четтөөлөр жөнүндө.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттун курамында республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө жылдык отчетту түзөт жана отчеттук мезгилден кийинки жылдын 20-апрелинен кечиктирбестен Министрлер Кабинетине берет.

4. Министрлер Кабинети ушул Кодекстин талаптарына ылайык отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-майынан кечиктирбестен отчеттук жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту карайт жана Жогорку Кеңештин кароосуна жиберет.

5. Министрлер Кабинети өткөн жылдагы республикалык бюджетти аткаруунун аудитинин натыйжалары жөнүндө Эсептөө палатасынын отчетун карап чыгып, ал боюнча белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү жөнүндө ченемдик укуктук актыны кабыл алат жана отчеттук мезгилден кийинки жылдын 10-сентябрына чейин аны маалымат үчүн Жогорку Кеңешке жиберет.

6. Жогорку Кеңештин комитеттери өткөн жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту жана бул маселе боюнча аудиттин натыйжалары жөнүндө Эсептөө палатасынын отчетун карайт жана ал боюнча корутундуну бир жумалык мөөнөттө тармактык комитетке берет.

7. Тармактык комитет республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту карайт жана Жогорку Кеңештин комитеттеринин сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен корутундуну, ар жылдык аудиттин натыйжалары менен бирге Эсептөө палатасынын отчету Жогорку Кеңешке киргизилген күндөн тартып 20 күндүн ичинде корутунду берет.

8. Жогорку Кеңеш тарабынан ушул маселени кароодо төмөнкүлөр угулат:

1) Министрлер Кабинетинин Төрагасы;

2) Эсептөө палатасынын төрагасы;

3) Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин төрагасы.

9. Жогорку Кеңеш кароонун жыйынтыктары боюнча республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту анын аткарылышын баалоо менен кабыл алуу тууралуу чечимди кабыл алат.

10. Эгерде республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет Жогорку Кеңеш тарабынан канааттандырарлык эмес деп таанылса, Президент Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин карайт.

11. Жогорку Кеңеш отчеттук жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен карайт жана ал боюнча чечим кабыл алат.

(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [115-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-115)  
Кийинки берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-117)
