# 115-берене. Бюджеттерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн жалпы шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2025 [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 115-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-115

---

1. Министрлер Кабинети, Социалдык фонд, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары бекитилген бюджеттерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жол-жобосун төмөнкү учурларда демилгелейт:

1) Кыргыз Республикасынын саясий, экономикалык, экологиялык жана социалдык туруктуулугуна коркунуч туудурган кырдаалдарды чектеттүү зарыл болгондо;

2) бюджеттин бекитилген параметрлеринин деңгээлине таасир көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары өзгөргөндө;

3) Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруунун жүрүшүндө алынган кошумча ресурстарды пайдалануу жөнүндө чечим кабыл алынганда, бюджеттик жыл ичинде кошумча чыгашаларды бөлүүдө же үнөмдөөдө, Социалдык фондго, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна бөлүнгөн максаттуу трансферттердин, ассигнованиелердин, республикалык бюджеттен бөлүнгөн бюджеттик ссудалардын көлөмдөрү өзгөргөндө;

4) ушул Кодекстин 15 жана 107-беренелеринде каралган.

2. Бекитилген бюджеттерге өзгөртүүлөрдү киргизүү бюджеттин аткарылышын талдоонун натыйжаларынын жана бюджеттик ассигнованиелерди пайдалануунун майнаптуулугун баалоонун, бюджеттик программаларды ишке ашыруунун негизинде жүзөгө ашырылат.

3. Бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актынын долбоору Министрлер Кабинети (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары) тарабынан бекитилет жана Жогорку Кеңештин (жергиликтүү кеңештердин) кароосуна киргизилет.

4. Өзгөчө мамлекеттик бюджетти кошпогондо, бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга бюджеттик жылдын ичинде эки жолудан ашык эмес өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.

Бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актынын долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна Министрлер Кабинети, айылдык жана шаардык кеңештерге жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кезектеги бюджеттик жылдан мурунку жылдын 1-июнунан жана 1-ноябрынан кечиктирилбестен киргизилет. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөр кабыл алынганга чейин республикалык бюджеттин негизги параметрлерине өзгөртүүлөр зарыл болгондо бюджеттик мыйзамдардын маселелери анын карамагына кирген Жогорку Кеңештин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык киргизилет жана аткарылат. Жогорку Кенештин сессияларынын ортосундагы мезгилде жана депутаттардын шайлоочулар менен иштеген мезгилде Министрлер Кабинети зарыл болгондо республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөр кабыл алынганга чейин республикалык бюджеттин негизги параметрлерине өзгөртүүлөрдү киргизет жана бюджеттик мыйзамдардын маселелер карамагына кирген тийиштүү Жогорку Кеңештин тармактык комитетине маалымат берүү менен аларды аткарат. Тиешелүү түзөтүүлөр кабыл алынганга чейин жергиликтүү кеңештердин жергиликтүү бюджеттер жөнүндө ченемдик укуктук актыларында бекитилген жергиликтүү бюджеттердин параметрлерин өзгөртүү зарыл болгондо жергиликтүү кеңештердин бюджеттик комиссиялары менен макулдашуу боюнча аткарылышы мүмкүн. Бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актынын долбоору мыйзам чыгаруу (өкүлчүлүктүү) органы тарабынан ал мыйзам чыгаруучу (өкүлчүлүктүү) органга киргизилген күндөн тартып 20 күндүн ичинде кезексиз тартипте каралат.

5. Бекитилген бюджеттерге өзгөртүүлөрдү киргизүүдө тиешелүү бюджеттердин долбоорлорун түзүүгө жана бекитүүгө карата ушул Кодексте белгиленген принциптер жана талаптар сакталат.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-114)  
Кийинки берене: [116-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-116)
