# 112-берене. Депозиттик суммаларды эсепке алуу жана сактоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=1283677..1283680>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 112-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-112

---

1. Депозиттик суммаларды эсепке алуу үчүн арналган эсептер бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүнүн (тескөөчүнүн, алуучунун) убактылуу тескөөсүнө түшкөн каражаттар менен операцияларды регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде казыналыктын тутумунда ачылат.

2. Казыналык эсептеги депозиттик суммаларды сактоо мөөнөтү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана 3 жылдан ашпашы керек.

Депозиттик суммаларды казыналыктын эсептеринде сактоо мөөнөтү тиешелүү суммаларды депозитке киргизүү жөнүндө алардын атына депозиттик суммалар киргизилген жакка же ишканага, уюмга, мекемеге кабарлама жиберилген күндөн тартып, ал эми чечилбеген соттук иштер боюнча депозиттерге киргизилген суммалар үчүн сот тарабынан чечим чыгарылган күндөн тартып эсептелет.

3. Талап кылынбаган депозиттик суммалар аларды сактоонун белгиленген мөөнөтү өткөндөн кийин ал суммалар депозиттик эсебинде сакталып турган бюджеттик каражаттар тиешелүү бюджеттин кирешесине башкы тескөөчүнүн (тескөөчүнүн, алуучунун) тескөөсүнө чегерилүүгө жатат.

4. Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө болгон депозиттик суммалардын бюджеттик каражаттарын алуучулар тарабынан сактоонун жана пайдалануунун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бюджеттик каражаттар бул алуучулар баш ийген бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсү тарабынан белгиленет.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-111)  
Кийинки берене: [113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-113)
