112-берене. Депозиттик суммаларды эсепке алуу жана сактоо
Күчүндө · 14.10.2025 редакциясы · 21-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 января 2022 года № 2
1. Депозиттик суммаларды эсепке алуу үчүн арналган эсептер бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүнүн (тескөөчүнүн, алуучунун) убактылуу тескөөсүнө түшкөн каражаттар менен операцияларды регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде казыналыктын тутумунда ачылат.
2. Казыналык эсептеги депозиттик суммаларды сактоо мөөнөтү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана 3 жылдан ашпашы керек.
Депозиттик суммаларды казыналыктын эсептеринде сактоо мөөнөтү тиешелүү суммаларды депозитке киргизүү жөнүндө алардын атына депозиттик суммалар киргизилген жакка же ишканага, уюмга, мекемеге кабарлама жиберилген күндөн тартып, ал эми чечилбеген соттук иштер боюнча депозиттерге киргизилген суммалар үчүн сот тарабынан чечим чыгарылган күндөн тартып эсептелет.
3. Талап кылынбаган депозиттик суммалар аларды сактоонун белгиленген мөөнөтү өткөндөн кийин ал суммалар депозиттик эсебинде сакталып турган бюджеттик каражаттар тиешелүү бюджеттин кирешесине башкы тескөөчүнүн (тескөөчүнүн, алуучунун) тескөөсүнө чегерилүүгө жатат.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө болгон депозиттик суммалардын бюджеттик каражаттарын алуучулар тарабынан сактоонун жана пайдалануунун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бюджеттик каражаттар бул алуучулар баш ийген бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсү тарабынан белгиленет.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
112-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
24.05.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…укуктук актыларынын негизинде казыналыктын тутумунда ачылат.
2. алынып салынды: Депозиттик суммалардын казыналык эсепте кошулду: Казыналык эсептеги депозиттик суммаларды сактоо мөөнөтү алынып салынды: Өкмөт кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана 3 жылдан алынып салынды: кем болбоого тийиш.
кошулду: ашпашы керек.
Депозиттик суммаларды казыналыктын эсептеринде сактоо мөөнөтү … ийген бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсү тарабынан белгиленет.
кошулду: (КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 "Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө"…Постановление · 29.09.2017 · № 626 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111338/st-112" title="112-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>