# 111-берене. Бюджеттик тутумдун бюджеттеринин убактылуу эркин каражаттары жана аларды жайгаштыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-111>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-111.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 111-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-111

---

1. Бюджеттик тутумдун бюджеттеринин убактылуу эркин каражаттары - бул учурдагы бюджеттик жылдын чегиндеги конкреттүү датага карата кассалык түшүүлөрдүн кассалык төлөөлөрдөн ашык болушунун натыйжасында түзүлгөн, Бирдиктүү казыналык эсептеги бюджеттик тутумдун бюджеттеринин акча каражаттарынын калдыгы.

2. Бюджеттик тутумдун бюджеттеринин убактылуу эркин каражаттарын жайгаштыруунун тартибин аныктоо Министрлер Кабинети тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [110-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-110)  
Кийинки берене: [112-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-112)
