# 109-берене. Аткаруу процессинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын кайра бөлүштүрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2025 [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-109>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-109.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 109-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-109

---

1. Бюджеттерди аткаруу процессинде Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жалпы бюджеттик ассигнованиелердин чектеринде бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө жол берилет.

Такталган республикалык бюджетти аткаруу процессинде бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсү (тескөөчү) республикалык бюджеттин негизги параметрлерин сактоо менен чыгашалардын экономикалык классификациясынын беренелеринин ортосунда бюджеттик ассигнованиелердин чектеринде каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө укуктуу.

2. (КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Бюджеттерди аткаруу процессинде башкы тескөөчүлөр (тескөөчүлөр) бюджеттик программалардын арасында каражаттарды кайра бөлүүгө укуктуу.

4. Бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчү (тескөөчү) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына) бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүү жана кайра бөлүштүрүүнүн натыйжалары жөнүндө отчетту Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө берет.

5. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди аткаруу процессинде аларды кайра бөлүштүрүү бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талап кылбайт.

6. Инвестициялык долбоорлордун бюджеттерин аткаруу процессинде бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчү мамлекеттик инвестициялардын алкагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча, чыгашалардын экономикалык классификациясынын беренелеринин ортосунда бюджеттик каражаттардын жалпы ассигнованиелеринин чегинде каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө укуктуу.

7. Инвестициялык долбоорлордун бюджеттерин аткаруу процессинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик инвестициялардын алкагында бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчү менен макулдашуу боюнча чыгашаларынын функционалдык жана ведомстволук классификациясынын беренелеринин ортосунда тийиштүү жылдын жалпы ассигнованиелеринин чегинде каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө укуктуу.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [108-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-108)  
Кийинки берене: [110-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-110)
