Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
108-берене. Бюджетти аткаруу процесси
Күчүндө · 14.10.2025 редакциясы · 21-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77
1. Бюджеттерди аткаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан тиешелүүлүгүнө жараша эки этапта жүзөгө ашырылат:
1) бюджетти аткаруунунн кассалык планын түзүү;
2) бюджетти кассалык аткаруу.
2. Кассалык план бюджетке кассалык түшүүлөрдүн жана учурдагы бюджеттик жылда бюджеттен кассалык төлөөлөрдүн болжолун карайт. Кассалык планды түзүү жана жүргүзүү тиешелүүлүгүнө жараша болжолдоо жана бюджетти аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Учурдагы бюджеттик жылга бюджетти аткаруунун кассалык планы айлар боюнча бөлүнүп түзүлөт жана бюджетти кассалык аткаруу үчүн негиз болуп саналат. Бюджетти аткаруунун кассалык планы ресурстук базаны жана алдыдагы чыгашаларды эске алуу менен түзөтүүлүүгө жатат.
4. Министрлер Кабинети кассалык планды түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартибин, ошондой эле бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр (тескөөчүлөр, алуучулар), бюджеттин ресурстарынын администраторлору тарабынан кассалык планды түзүү жана жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтардын курамын жана берүү мөөнөттөрүн белгилейт.
5. Кассалык пландар бюджеттик ресурстардын администраторлору, бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр (тескөөчүлөр, алуучулар) тарабынан түзүлөт жана жыйынды кассалык планды түзүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берилет.
6. Кассалык чыгашалар бекитилген кассалык пландын чектеринде бюджеттик ассигнованиелерге ылайык жүзөгө ашырылат.
7. Бюджетти аткаруу процессинде Министрлер Кабинети белгилеген тартипте кайтарып берүү негизинде атайын эсептерде топтолгон каражаттарды республикалык бюджеттин чыгашаларына убактылуу алып коюуга жол берилет.
(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
18.04.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Кассалык чыгашалар бекитилген кассалык пландын чектеринде бюджеттик алынып салынды: милдеттенмелердин бекитилген лимиттерине кошулду: ассигнованиелерге ылайык жүзөгө ашырылат.
кошулду: 7. Бюджетти аткаруу процессинде Министрлер Кабинети белгилеген тартипте кайтарып берүү негизинде атайын эсептерде топтолгон каражаттарды республикалык бюджеттин чыгашаларына убактылуу алып коюуга жол берилет.
(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 02.10.2017 · № 632
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2021 жылдын 12-апрелиyltub №02 "Кара-Балта шаарынын 2020-жылга карата бюджетинин аткарылышы жөнүндө" токтомуПостановление · 12.04.2021 · № 02
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрындагы № 478 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 01.09.2022 · № 478
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрындагы № 478 токтомуПостановление · 01.09.2022 · № 478
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111338/st-108" title="108-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>