# 107-берене. Чыгашалардын секвестри

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2025 [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343); 17.06.2017 [Закон КР от 17 июня 2017 года № 106 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111617)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-107>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-107.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 107-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-107

---

1. Чыгашалардын секвестри бюджеттин кирешелеринин түшүүлөрүнүн күтүлгөн төмөндөөсүнүн шартында бюджеттин чыгаша беренелеринин белгиленген катыштарында кыскартууну караган механизмди билдирет.

Чыгашалар секвестрин киргизүү жөнүндө чечим Министрлер Кабинети (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары) тарабынан бюджеттик жыл ичинде бюджеттин иш жүзүндө аткарылышын талдоонун жана бюджеттик жылдын аягына чейин кирешелердин аткарылышынын күтүлүүчү баалоосунун негизинде кабыл алынат.

2. Чыгашалар секвестри бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

3. Учурдагы каржылык жылга сот тутумун каржылоо мыйзамында каралган бюджеттик каражаттарды секвестирлөөгө Судьялар кеңешинин макулдугу менен гана жол берилет.

4. Министрлер Кабинети пикир келишпестиктер болгондо бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын бирдиктүү долбоорун макулдашуу үчүн Министрлер Кабинетинин кеңешине жиберет.

Министрлер Кабинетинин кеңеши Жогорку Кеңешке бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору киргизилгенге чейин бир айдан кечиктирбестен бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр менен макулдашуу жол-жобосун аяктоого милдеттүү. Макулдашууга жетишилбеген учурда Министрлер Кабинети бюджеттин иш жүзүндөгү мүмкүнчүлүктөргө негизденүү менен аларды ишке ашыруунун артыкчылыктуулугун эске алуу менен программаларды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорунда каражаттарды карайт жана аны Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет. (КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 106, 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [106-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-106)  
Кийинки берене: [1071-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-1071)
