# 106-берене. Бюджеттердин кассалык аткарылышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2025 [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941); 24.05.2022 [Закон КР от 24 мая 2022 года № 35 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112369); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-106>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-106.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 106-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-106

---

1. Казыналык жол-жоболорду колдонуунун негизинде бюджетти кассалык аткаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан анын аймактык бөлүкчөлөрүнүн жардамы менен жүзөгө ашырылат.

2. Бюджеттин кассалык аткарылышын эсепке алуу жана контролдоо реалдуу убакыттын режиминде автоматташтырылган тутумда жүзөгө ашырылат. Бюджеттерди кассалык аткаруу процессинде автоматташтырылган тутум Улуттук банкты кошуп алганда, бюджеттик процесстин катышуучуларынын ортосундагы маалыматтарды документтердин электрондук формасын жана электрондук сандык кол тамгаларды колдонуу менен алмаштырууну карайт.

3. Бюджеттердин аткарылышынын кассалык тейлөөсү төмөнкүлөрдү карайт:

1) Бирдиктүү казыналык эсепте бюджеттердин каражаттары менен операцияларды эсепке алууну;

2) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Бирдиктүү казыналык эсептеги каражаттарды башкаруусун;

3) төлөм документтерин берүүнүн кезектүүлүгүнү тартибинде аларды белгиленген тартипте берүүнүн негизинде жана Бирдиктүү казыналык эсепте каражаттардын калдыгынын иш жүзүндө болгон чектеринде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджеттен кассалык чыгашаларын;

4) бюджетке кассалык түшүүлөр жана Бирдиктүү казыналык эсептеги бюджеттен кассалык төлөөлөр боюнча бардык операцияларды жүргүзүүсүн жана Эсептердин бирдиктүү планына ылайык эсепке алуусун;

5) ар бир отчеттук датага чет өлкөлүк валютадагы акчалай каражаттар, ошол датага карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча кайра саналат. Акчалай беренелер боюнча кайра саноодо пайда болгон курстук айырма киреше же чыгаша деп таанылат.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына тиешелүү бюджеттердин аткарылышы боюнча кассалык операциялар жөнүндө маалыматтарды берет.

5. Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу каражаттарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бюджеттеринин бардык ресурстары Бирдиктүү казыналык эсепке токтоосуз чегерилүүгө тийиш.

6. Бюджеттик каражаттарды чыгашалоого ыйгарым укуктар ушул Кодекстин талаптарына ылайык Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган эрежелер боюнча аныкталат.

7. Бюджеттик ассигнованиелерден ашуучу каржылык милдеттенмелерди аткарууга жол берилбейт. Узак мөөнөттүү милдеттенмелерди аткарууда аларды тындыруу үчүн зарыл болгон каражаттар тиешелүү бюджеттик жылга бюджеттин долбоорунда каралат.

8. Учурдагы бюджеттик жылдын кассалык планында бекитилген каражаттарды чыгымдоонун чектик көлөмдөрү өз колдонулушун учурдагы бюджеттик жылдын 31-декабрында токтотот.

9. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бирдиктүү казыналык эсептеги тиешелүү бюджеттин каражаттарынын калдыгынын чектеринде учурдагы бюджеттик милдеттенмелерди белгиленген тартипте санкцияларды бюджеттик жылдын акыркы жумуш күнүн кошуп алганга чейин төлөөгө милдеттүү.

10. Бирдиктүү казыналык эсептен тышкары турган, бюджеттик каражаттарды алуучулар тарабынан пайдаланылбаган бюджеттик каражаттардын калдыктары, мамлекеттик тышкы инвестициялар боюнча бюджеттик каражаттардын калдыктарын кошпогондо, бюджеттик каражаттарды алуучулар тарабынан тиешелүү бюджеттердин эсебине бюджеттик жылдын акыркы эки жумуш күнүнөн кечиктирилбестен которулууга тийиш.

11. Тиешелүү бюджеттин кирешесине которулбаган бюджеттер аралык трансферттердин каражаттарынын пайдаланылбаган калдыктары Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана жалпы талаптарды сактоо менен алар берилген бюджеттин кирешесине өндүрүп алынууга жатат.

12. Бюджеттик мекемелердин атайын жана депозиттик эсептерде пайдаланбай калган каражаттарынын калдыгы кезектеги бюджеттик жылдын башталышындагы калдык катары кезектеги бюджеттик жылдын эсептерине өткөрүлөт.

13. Учурдагы бюджеттик жылдын кабыл алынган бюджеттик милдеттенмелери боюнча операциялар аяктагандан кийин, Жол фондунун каражаттарын кошпогондо, Бирдиктүү казыналык эсептеги тиешелүү бюджеттик каражаттардын калдыгы кезектеги бюджеттик жылдын бюджетинде кезектеги бюджеттик жылдын башталышындагы калдык катары эсепке алынат.

Жол фондунун каражаттарынын пайдаланылбаган калдыктары кезектеги бюджеттик жылга кезектеги бюджеттик жылдын башталышындагы калдык катары которулат. (КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2022-жылдын 24-майындагы № 35, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [105-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-105)  
Кийинки берене: [107-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-107)
