# 105-берене. Бирдиктүү казыналык эсеп

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 апреля 2025 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам правового статуса в Кыргызской Республике национальной цифровой валюты - цифрового сома"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026954)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.04.2025 [Закон КР от 29 апреля 2025 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам правового статуса в Кыргызской Республике национальной цифровой валюты - цифрового сома"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026954); 18.04.2025 [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941); 09.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 9 августа 2023 года № 171 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об образовании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112659); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=30868..32051>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-105>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-105.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 105-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-105

---

1. Бирдиктүү казыналык эсеп ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борборлоштурулган эсебин билдирет, анда Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин акча каражаттары топтолот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетин кассалык аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын операциялары чагылдырылат. Бирдиктүү казыналык эсеп Улуттук банкта ачылат. Улуттук банк Бирдиктүү казыналык эсепти тейлөө боюнча банктык операцияларды Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.

Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Улуттук банкта жана коммерциялык банктарда Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттик каражаттарын эсепке алуу боюнча эсептерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачат.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Улуттук банкта жана коммерциялык банктарда ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын банк тутумунун мыйзамдарына жана башка мыйзам актыларына ылайык, пайыздарды алуу максатында Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин убактылуу эркин каражаттарын жайгаштырат.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын банктар аралык төлөм тутумунун түздөн-түз катышуучусу болуп саналат, ошондой эле корпоративдик төлөм карталарынын эмитенти катары чыгат жана Бирдиктүү казыналык эсеп аркылуу эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырат.

4-1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган санарип сом платформасына кошулат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттик каражаттарын эсепке алуу жана бөлүштүрүү боюнча анын түздөн-түз катышуучусу болуп саналат.

5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бирдиктүү казыналык эсептеги акча каражаттарынын калдыктарынын чектеринде республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгашалары боюнча төлөмдөрдү жүзөгө ашырат.

Бирдиктүү казыналык эсепке чегерилүүгө тийиш болгон салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү, камсыздандыруу жыйымдарын төлөө боюнча төлөөчүлөрдүн акча каражаттарын которуу Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Бирдиктүү казыналык эсептен акча каражаттарын эсептен чыгаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тапшырмасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же Улуттук банк тарабынан Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

6. Бюджеттик мекемелер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын уруксатысыз коммерциялык банктарда эсептерди ачууга укуксуз.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган коммерциялык банктарда эсептерди ачууга бюджеттик мекемеге төмөнкү учурларда уруксат берүүгө укуктуу:

1) бюджеттик мекеме тарабынан грант берүүчүнүн коммерциялык банктарда өзүнчө (валюталык) эсеби болгон шарттарда чет өлкөлүк инвесторлордон гранттарды, демөөрчүлүк жана гуманитардык жардамдарды алганда;

2) бюджеттик мекеме эл аралык каржы институттары же башка чет өлкөлүк инвесторлор тарабынан акысыз каржыланган биргелешкен илимий-изилдөө программасына катышканда;

3) чет өлкөлүк инвесторлор/инвесторлор (аккредитив жана башкалар) алдында келишимдик мамилелерди аткаруунун алкагында бюджеттик мекеменин акча каражаттарын андан ары которуу максатында убактылуу жайгаштырганда;

4) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга келишимди (контрактты) аткаруунун кепилдигин камсыз кылуу түрүндө келип түшкөн акча каражаттарын топтоодо жана башкарууда;

5) Турукташтыруу фондунун акча каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечимдер кабыл алынганда.

7. Бюджеттик тутумдун бюджеттик мекемелеринин акча каражаттары менен операциялардын бухгалтердик эсеби Бирдиктүү казыналык эсептин ичинде ачылган өздүк казыналык эсептерде жүзөгө ашырылат. Бирдиктүү казыналык эсептин ичинде акча каражаттары менен операцияларды эсепке алуу үчүн бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн (тескөөчүлөрдүн, алуучулардын) жана ресурстардын администраторлорунун казыналык өздүк эсептеринин тизмегин ачуу, жабуу жана жүргүзүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан борборлоштуруп аткарылат.

8. Казыналык өздүк эсептер каражаттарды түзүү булактары боюнча бюджеттик, администрленүүчү, атайын жана депозиттик эсептерге бөлүнөт:

1) бюджеттик эсептер - бюджеттик каражаттарды тескөөчүнүн негизги ишин каржылоого бюджеттен жумшалган бюджеттик каражаттар боюнча операциялар эсепке алынган эсептер;

2) администрленүүчү эсептер - бюджет ресурстарынын администратору болуп саналган тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан администрленүүчү Бирдиктүү казыналык эсепке түшүүлөрдү эсепке алуучу эсептер;

3) атайын эсептер -төмөнкүлөр түрүндө түшүүлөрдү эсепке алуучу эсептер:

а) мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү;

б) демөөрчүлүк жардам жана ыктыярдуу төлөмдөрдү;

в) көзөмөлчүлүк төлөмдөрдү;

г) кайрымдуулук же гранттык жардамдарды;

д) биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөрдү;

е) өздүк өндүрүштөгү товарларды сатуудан түшкөн каражаттарды;

ж) бюджеттик насыяларды жоюунун эсебинен республикалык бюджетке кайтарылган каражаттардан чегерүүлөрдү;

ж1) билим берүү, илимий жана окуу-өндүрүштүк иштен түшкөн кирешелерди;

ж2) аскердик милдетти аткарууга байланыштуу жыйымдарды;

з) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка каражаттарды;

4) депозиттик эсептер - убактылуу тескөөгө (сактоого) түшкөн жана белгилүү бир шарттар келип чыккан учурда, аларды которгон жеке (юридикалык) жактарга кайрып берүүгө же багыты боюнча которууга тийиш болгон каражаттар боюнча операциялар эсепке алынуучу кардардын эсептери.

9. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан бюджеттик мекемелерди тейлөө Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2023-жылдын 9-августундагы № 171, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 , 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [104-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-104)  
Кийинки берене: [106-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-106)
