# 104-берене. Бюджеттердин аткарылышын администрациялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=1283677..1283680>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-104>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-104.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 104-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-104

---

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык бюджеттин аткарылышын уюштурууну жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди аткаруу боюнча ишин координациялоону камсыз кылат.

(Абзац КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Социалдык фонд тиешелүү бюджеттин аткарылышынын ар айлык мониторингин жана талдоону жүзөгө ашырат жана бюджеттин аткарылышы боюнча отчеттуулукту Министрлер Кабинетине жана маалыматты Жогорку Кеңештин тармактык комитетине квартал сайын берет.

3. Бюджеттик ресурстардын администраторлору төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жеткирилген ресурстарды администрациялоонун кабыл алынган болжолуна ылайык бюджеттин ресурстарын толук жана өз убагында жыйноону;

2) бюджеттин ресурстарын Бирдиктүү казыналык эсепке токтоосуз которууну;

3) бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту жана бюджеттин долбоорун түзүү, бюджеттин аткарылышынын мониторинги үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө берүүнү.

4. Бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр (тескөөчүлөр, алуучулар) бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту жана бюджеттин долбоорун түзүү, бюджеттин аткарылышынын мониторинги үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө беришет.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [103-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-103)  
Кийинки берене: [105-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-105)
