# 103-берене. Бюджеттерди аткаруунун негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 апреля 2025 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам правового статуса в Кыргызской Республике национальной цифровой валюты - цифрового сома"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026954)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.04.2025 [Закон КР от 29 апреля 2025 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам правового статуса в Кыргызской Республике национальной цифровой валюты - цифрового сома"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026954); 18.04.2025 [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=30868..32051>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-103>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-103.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 103-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-103

---

1. Бекитилген бюджеттерди аткаруу тиешелүүлүгүнө жараша Министрлер Кабинети, Социалдык фонд, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Кезектеги бюджеттик жылдын бюджети жөнүндө ченемдик укуктук акт чыгашаларды жүзөгө ашырууга жана бюджеттик милдеттенмелерди аткарууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укук берет.

Бекитилген бюджеттерди аткаруу акчалай түрдө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы (сомдор жана тыйындар, санарип сомдор жана санарип тыйындар) менен жүргүзүлөт.

3. Бюджетти аткаруу процессинде жүргүзүлүүчү чыгашалар бекитилген бюджеттердин чектеринде, ушул Кодекс тарабынан белгиленген учурларда такталган бюджеттердин чектеринде жүзөгө ашырылат.

4. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди аткаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте бекитилген/такталган бюджеттин негизинде ыйгарым укуктуу аткаруу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Бюджеттик мекемелердин ишин күтүүгө чыгашалар тиешелүү бюджеттик ассигнованиелердин негизинде жүзөгө ашырылат.

(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 , 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [102-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-102)  
Кийинки берене: [104-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-104)
