# 102-берене. Жергиликтүү бюджеттерди кароо жана бекитүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2025 [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-102>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-102.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 102-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-102

---

1. Жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору алдын ала жергиликтүү кеңештердин бюджеттик комиссиялары тарабынан каралат.

Бюджеттик комиссия - бюджеттин долбоорун өз убагында жана сапаттуу түзүүнү, бюджетти тактоо жана аткаруу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну камсыз кылуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын туруктуу комиссиясы. Бюжеттик комиссиялар: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилеринин маалыматтарын угат, жергиликтүү бюджеттин кирешелерин жана чыгашаларын өзгөртүүгө тийиштүү сунуштарды карайт; жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча корутундуларды жана сунуштамаларды, жергиликтүү кеңештердин кароосуна берет.

2. Бюджеттик комиссиялар тарабынан бюджеттин чыгашаларын көбөйтүү же анын кирешелерин азайтуу жөнүндө чечим кабыл алынганда милдеттүү тартипте кошумча чыгашаларды каржылоонун конкреттүү булактары белгиленет.

3. Жергиликтүү кеңештер кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун, бюджеттик комиссиялардын корутундуларын карайт жана жергиликтүү бюджеттерди төмөнкүдөй параметрлер менен: кирешелерди, чыгашаларды, республикалык бюджеттен бөлүнүүчү теңдештирүүчү трансферттердин өлчөмүн жергиликтүү бюджеттердин долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан берилгенден кийин бир айдан кечиктирилбеген мөөнөттө бекитет.

4. Бекитилген жергиликтүү бюджеттер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабыл алынгандан кийин 14 календардык күндүн ичинде берилет.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-101)  
Кийинки берене: [103-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-103)
