# 101-берене. Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттерин кароо жана бекитүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 101-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-101

---

1. Жогорку Кеңеш тарабынан Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттерин кароо жана бекитүү республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору менен бир убакта жүзөгө ашырылат.

2. Жогорку Кеңеш Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери жөнүндө мыйзамды кезектеги бюджеттик жыл башталганга чейин бир айдан кечиктирилбеген мөөнөттө үч окууда кабыл алат.

3. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери жөнүндө мыйзам 14 календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентине кол коюуга жиберилет.

---

Мурунку берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-100)  
Кийинки берене: [102-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-102)
