# 1-берене. Бюджеттик укуктук мамилелер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 1-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-1

---

Бюджеттик укуктук мамилелерге төмөнкүлөр кирет:

1) бюджеттердин кирешелерин түзүү жана чыгашаларды жүзөгө ашыруу, мамлекеттик жана муниципалдык карызга алууларды жүзөгө ашыруу, мамлекеттик жана муниципалдык карызды жөнгө салуу процессинде келип чыгуучу мамилелер;

2) бюджеттердин долбоорлорун түзүү жана кароо, бюджеттерди бекитүү, тактоо жана бюджеттерди аткаруу, алардын аткарылышын контролдоо, эсепке алууну жүргүзүү, бюджеттик отчеттуулукту түзүү, кароо жана бюджеттик отчеттуулукту бекитүү процессинде бюджеттик процесстин катышуучуларынын ортосунда келип чыгуучу мамилелер.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-2)
