# 1-берене

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111337)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 14-майындагы № 58 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 14.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111337/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2157/edition/1097032/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111337/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111337/st-1

---

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 51-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары конкурстун натыйжалары боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан дайындалган муниципалдык кызматчы болуп саналат.";

2) 52-беренеде:

а) 1-бөлүгүндө:

мамлекеттик тилдеги текст төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Жергиликтүү кеңештин чечими боюнча өзүнчө жайгашкан калктуу конуштардын жергиликтүү маанидеги маселелерин ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында айыл башчысы кызмат орду киргизилсе болот."; расмий тилдеги текстинде "айылного" деген сөз "местного" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) 2-бөлүгүндө "айыл өкмөтүнүн" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) 3-бөлүгүндө:

мамлекеттик тилдеги текст төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Айыл башчысы тиешелүү аймактагы тургундардын жыйындарынын макулдугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысы тарабынан дайындалат жана муниципалдык кызматчы болуп саналат."; расмий тилдеги текстинде "главой айыл окмоту" деген сөздөр "руководителем исполнительного органа местного самоуправления" деген сөздөргө алмаштырылсын;

г) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Эгерде тиешелүү калктуу конуштан жергиликтүү кеңешке депутат шайланбаган учурда, айыл башчысы кеңеш берүүчү добуш укугу менен тиешелүү жергиликтүү кеңештин жыйналыштарына, ал эми шаардык кеңештин жыйналыштарына - тиешелүү айылга тиешеси бар маселелерди кароодо катышууга укуктуу.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111337/st-2)
