# КР 2016-жылдын 7-майындагы № 57 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө", "Суу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 7-майындагы № 57 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө", "Суу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111336>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2156/edition/1193098/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111336.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 7-майындагы № 57 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө", "Суу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111336

---

КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 7-майы № 57 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө", "Суу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы N 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111336/st-1)

Кыргыз Республикасынын Суу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 4, 241-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 7-статьянын бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 8-статья төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

"- жаратылыш ресурсу катары сууну пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн бекитүү;";

3) 40-статьянын 3-пунктунда "Жогорку Кеңеши белгилеген" деген сөздөр "Өкмөтү бекиткен" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 48-статьяда:

а) 1-пунктунда "Жогорку Кеңеши жыл сайын белгилейт" деген сөздөр "Өкмөтү бекитет" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 2-пунктунун бешинчи абзацында "Жогорку Кеңеши" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111336/st-2)

(КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы N 100 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111336/st-3)

"Суу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 2, 64-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 10-берененин жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111336/st-4)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
