# КР 2016-жылдын 7-майындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 7-майындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 56
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111335>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2155/edition/1097028/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111335.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 7-майындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111335

---

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 7-майы № 56 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111335/st-1)

(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111335/st-2)

"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 30-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-беренеде:

а) 4-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү "башчылары," деген сөздөн кийин "жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү, курчап турган чөйрө жана токой чарба маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлү," деген сөздөр менен толукталсын;

б) 5-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү "жана" деген сөздөн кийин ", жергиликтүү айылдык аймактардын администрациялык-аймактык бирдиктеринин учурдагы чектерин эске алуу менен," деген сөздөр менен толукталсын;

в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 51-бөлүк менен толукталсын:

"51. Өз убагында мамлекеттик актынын негизинде колдонууга өткөрүлүп берилген мамлекеттик жер запасынын курамына кирген жайыттар, жерлердин чектери жергиликтүү айылдык аймактардын ушул администрациялык-аймактык бирдиктерине ылайык тиешелүү айылдык аймактын карамагына кирет. Мамлекеттик актынын мөөнөттөрүнө ылайык жайыт белетин милдеттүү сатып алууда тиешелүү айылдык аймактардын жайыт пайдалануучуларына (жайыт комитеттерине) жайыттар пайдаланууга берилиши мүмкүн.";

2) 6-беренеде:

а) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын депутаттарынан" деген сөздөр "жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, курчап турган чөйрө жана токой чарба маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жайыт комитетинин төрагасы тиешелүү айылдык аймактын башчысынын сунушу боюнча жайыт пайдалануучулардын добуштарынын көпчүлүгү менен шайланат.";

3) 10-берененин 7-бөлүгүндө "ошол жылдын 1-октябрынан кечиктирилбеши шарт" деген сөздөр "учурдагы жылдын 1-ноябрынан кечиктирилбестен. Мөөнөтү өткөн төлөмдүн жалпы өлчөмүнө ар бир мөөнөтү өткөрүлгөн күн үчүн туум кошулуп эсептелинет" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 11-берененин 3-бөлүгүндө "үлүшүн түзүүчү бөлүгү" деген сөздөр "жалпы үлүшүнүн үчтөн бир бөлүгүнөн кем эмес салыктардын төлөмүн эске алуу менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 13-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:

"2-1. Ыйгарым укуктуу орган жайыттардын табигый абалынын сакталышын контролдойт. Жайыттардын табигый абалынын бузулушуна жол берилген учурда (жаратылыш кырсыктарын эсепке албаганда) күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык администрациялык жана жазык жоопкерчилигине тартылышат.".

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111335/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
