# КР 2016-жылдын 6-майындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 6-майындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 06.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111333>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2153/edition/859066/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111333.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 6-майындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111333

---

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 6-майы № 54 Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111333/st-1)

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 163-статьяда:

- 1-бөлүгүндө "231, 234-245-статьялары" деген сөздөр "234-240-статьялары, 241-статьясынын төртүнчү бөлүгү, 242-245-статьялары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 2-бөлүгүндө "302" деген цифралар "299, 300-302" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 14-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"(14) Миграция чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 2041 жана 2042-статьялары), коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-статьясы, 241-статьясынын 1-3-бөлүктөрү), конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 2991 - 2993-статьялары) кылмыш иштери боюнча тергөө ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111333/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
