# 1-берене

- Документ: [Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111332)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 53 "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111332/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2152/edition/715187/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111332/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111332/st-1

---

"Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 8, 469-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-статьяда:

а) 4-бөлүгүндө "акысыз" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган адамдарга, шашылыш (токтотуусуз) медициналык жардам акысыз көрсөтүлөт.";

2) 8-статьянын 3-бөлүгүндө "акысыз" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 9-статьяда:

а) жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмегине киргизилген дары-дармек каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү көлөмдө камсыз кылууга;";

б) сегизинчи абзацында "акысыз" деген сөз алып салынсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111332/st-2)
