# КР 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 53 "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 53 "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111332>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2152/edition/715187/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111332.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 53 "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111332

---

КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 29-апрели № 53 "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111332/st-1)

"Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 8, 469-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-статьяда:

а) 4-бөлүгүндө "акысыз" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган адамдарга, шашылыш (токтотуусуз) медициналык жардам акысыз көрсөтүлөт.";

2) 8-статьянын 3-бөлүгүндө "акысыз" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 9-статьяда:

а) жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмегине киргизилген дары-дармек каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү көлөмдө камсыз кылууга;";

б) сегизинчи абзацында "акысыз" деген сөз алып салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111332/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
