# КР 2016-жылдын 21-апрелиндеги № 47 "Кыргыз Республикасынын Баткен областынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 21-апрелиндеги № 47 "Кыргыз Республикасынын Баткен областынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 47
- Кабыл алынган күнү: 21.04.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111326>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2146/edition/715280/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111326.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 21-апрелиндеги № 47 "Кыргыз Республикасынын Баткен областынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (21.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111326

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 21-апрели № 47 Кыргыз Республикасынын Баткен областынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111326/st-1)

Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагынын Зардалы калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагынын Зардалы айылы деп аталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111326/st-2)

Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагынын Дөбө калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагынын Дөбө айылы деп аталсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111326/st-3)

Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагынын Бай Кара-Бак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагынын Бай Кара-Бак айылы деп аталсын.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111326/st-4)

Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагында түзүлгөн Зардалы, Дөбө, Бай Кара-Бак айылдарынын чек араларынын баяндалышы тиркемеге ылайык бекитилсин.

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111326/st-5)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
