# КР 2016-жылдын 19-апрелиндеги № 46 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 19-апрелиндеги № 46 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111325>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2145/edition/713771/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111325.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 19-апрелиндеги № 46 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111325

---

КР 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 Мыйзамына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 19-апрели № 46 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111325/st-1)

"Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 8, 378-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 9-статьяда:

а) 1-бөлүгү "беш жылдан кем эмес жашаган," деген сөздөрдөн кийин "соттуулугу жок," деген сөздөр менен толукталсын;

б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"Иштерди кароодо аксакалдар сотторунун мүчөлөрү иш стилиндеги кийимди кийүүлөрү зарыл.";

2) 11-статьяда:

а) 2-бөлүгүндө "алардын аткаруу органдары" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) мамлекеттик тилдеги тексттин 5-бөлүгү "Бир почта" деген сөздөрдөн кийин "дареги" деген сөз менен толукталсын;

3) 29-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"29-статья. Акчалай жазапулдарды бөлүштүрүү Аксакалдар соту тарабынан салынган акчалай жазапулдар жергиликтүү бюджетке чегерилет, анын 70 пайызы аксакалдар сотунун ишин жүзөгө ашырууну камсыз кылууга багытталат.";

4) 33-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"33-статья. Аксакалдар сотторун материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу Аксакалдар сотторунун ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жана аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн акчалай сыйлоо тийиштүү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле ар түрдүү юридикалык жактардан жана жарандардан түшкөн каражаттардын эсебинен, жергиликтүү кеңештер бекиткен тартипте жүзөгө ашырылат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111325/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
