# КР 2016-жылдын 16-апрелиндеги № 44 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-апрелиндеги № 44 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 16.04.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111324>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2144/edition/859238/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111324.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 16-апрелиндеги № 44 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111324

---

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 16-апрели № 44 Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111324/st-1)

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 3, 156-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

### [52-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111324/st-52)

төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын: "(21) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226 - 226-4, 227, 229, 232, 294, 296, 299 - 299-3, 375 жана 376-статьяларында каралган террористтик мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштарды жасагандагы үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар соттолгондордун башка категорияларынан бөлөк кармалышат жана жазаларын камераларда катуу шарттарда өтөшөт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111324/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
