# КР 2016-жылдын 18-апрелиндеги № 45 "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 18-апрелиндеги № 45 "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 18.04.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111323>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2143/edition/713547/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111323.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 18-апрелиндеги № 45 "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (18.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111323

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 18-апрели № 45 "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111323/st-1)

"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 448-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 20-статьянын 2-бөлүгүнүн тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- сатылган кызматтык жана жарандык сайлуу, ошондой эле травматикалык таасир этүүчү патрондору бар сайсыз мылтыктардан атылган окторду жана жездерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик ок-жез сактоочу жайга берүүгө.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111323/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
