2-берене
Күчүндө · 03.03.2023 редакциясы
"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 554-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 33-статьядагы 2-бөлүгү "кызмат өтөө мезгилинде" деген сөздөрдөн мурда "кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 35-статьяда:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кызматкерлердин кызматтык маяналары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
б) 4-бөлүгүндө "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен" деген сөздөр "аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 9-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерине кызмат өтөөнүн чектик жашына чыккандыгы, ден-соолугунун абалы, штаттардын кыскартылышы, пенсияга укугу бар адамдын жеке өтүнүчү боюнча бошотулганда жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө бир жолу берилүүчү жөлөк пул төлөнөт.".
Берененин тексти 03.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1194
- Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндөЗакон · 12.08.2003 · № 197
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111315/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө", "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>