# 6-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111314)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 35 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.03.2017
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 марта 2017 года № 40 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О бюджете Социального фонда Кыргызской Республики на 2016 год и прогнозе на 2017-2018 годы"](https://aqlex.ai/kg/doc/111547)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111314#diff=780789..780790>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111314/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2134/edition/780789/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111314/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө, 6-берене (01.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111314/st-6

---

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун республикалык бюджеттен каржыланышы 2016-жылга жеткирүүнү эске алуу менен 16093020,6 миң сом миң сом суммасында белгиленсин, анын ичинде:

- пенсиянын базалык бөлүгүнө 2016-жылга - 8743221,4 миң сом;

- пенсионерлерге электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө 2016-жылга - 1742634,0 миң сом;

- "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча дайындалган пенсияларга 2016-жылга - 1856778,1 миң сом;

- аскер кызматкерлерин камсыздандыруу учуру боюнча бир жолку жөлөкпулга 2016-жылга - 24732,7 миң сом;

- пенсияларга (көп балалуу энелерге жана бала кезинен майып балдардын энелерине, бийик тоолуу шарттарда, алыскы жана барууга кыйын райондордо жашаган жана иштеген адамдарга, "Кыргызстан аба жолдору" улуттук авиаташуучу" ачык акционердик коомунун учуу жана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине, № 2 тизме боюнча текстиль өндүрүшүндө, "РЕSАС" программасына кирген ишканаларда иштеген адамдарга), пенсияларга кошумча төлөөлөргө (майыптардын, Улуу Ата Мекендик жана башка согуштун катышуучуларынын, "Баатыр эне" же "Мать-героиня" ордендери менен сыйланган энелердин, Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңиргендердин), компенсацияларды төлөөгө (Чернобыль атомдук электр станциясы жана башка жарандык жана аскердик багыттардагы атомдук объекттердеги авариялардын кесепеттерин жоюуга катышуучуларга, "РЕSАС" программасына кирген ишканаларда эмгектик мертинүү же кесиптик оору алган, багуучусунан айрылган адамдарга, иш берүүчүнүн кайра уюшулушуна же жоюлушуна байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча) 2016-жылга - 3725654,4 миң сом.

(КР 2017-жылдын 1-мартындагы № 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111314/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111314/st-7)
