# 8-берене. Пландан тышкаркы текшерүү

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111311)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 32 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2131/edition/1246461/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111311/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 8-берене (06.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-8

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландан тышкаркы текшерүүнү тийиштүү райондун, шаардын прокуратура органдары менен макулдашуудан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин (тескемесинин, буйругунун, жазма эскертүүсүнүн) негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары жүргүзөт. Райондун, шаардын прокуратура органдары пландан тышкаркы текшерүүлөрдү макулдашууда сунушталган пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн мыйзамдуулугун көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү жөнүндө тийиштүү чечимин (тескемесин, буйругун, жазма эскертүүсүн) чыгарганга чейин тийиштүү райондук, шаардык прокуратура органдарына пландан тышкаркы ушул текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө суроо-талабын жиберет.

3. Пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү жөнүндө суроо-талапта төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) текшерүүнү жүзөгө ашыруунун башталышынын жана бүткөрүлүшүнүн датасы;

2) иши пландан тышкаркы текшерүүгө жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы жана жайгашкан жери;

3) текшерүүнүн предмети жана негиздөөсү;

4) сакталышы жана аткарылышы текшериле турган ченемдик укуктук актылардын аталыштарынын тизмеги;

5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (аймактык, түзүмдүк бөлүктөрүнүн) аталышы.

4. Пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүүнүн негиздери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, муниципалдык кызматкерлер тарабынан мыйзамдарды бузуулардын бар экендигин көрсөткөн жетиштүү маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын түздөн түз табуусу;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык кызматкерлер тарабынан мыйзамдарды бузуулардын бар экендигин көрсөткөн маалыматтарды камтыган материалдардын, маалыматтардын укук коргоо органдарынан, ошондой эле башка мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жеке жана юридикалык жактардан келип түшүүсү;

3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык кызматкерлер тарабынан мыйзамдарды бузуулар бар экендигин көрсөткөн маалыматтарды камтыган жеке жана юридикалык жактардын жазуу жүзүндөгү кайрылуулары жана арыздары, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар.

5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген кайрылуунун же арыздын ээсинин фамилиясын, ысымын жана жашаган жеринин дарегин белгилөөгө мүмкүн болбогондо анонимдүү деп эсептелет жана каралууга жатпайт.

6. Бир жыл аяктаганга чейин текшерүүнүн бир эле предмети боюнча ар түрдүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүүсүнө жол берилбейт.

7. Жеке, юридикалык жактардын арыздарында, кайрылууларында, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөн материалдарда жана маалыматтарда көрсөтүлгөн маалыматтардан жана фактылардан башка негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-9)
