# 7-берене. Пландык текшерүү

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111311)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 32 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112571)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311#diff=1246462..1246463>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2131/edition/1246461/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111311/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 7-берене (06.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-7

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландык текшерүүнү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (мындан ары - Башкы прокуратура) менен макулдашылган текшерүүлөрдүн ар жылдык планынын негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бир эле органын пландык текшерүү бир жылда бир жолу жүргүзүлөт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландык текшерүүлөрдү пландык текшерүүлөр мыйзамдарга ылайык компетенциясына кирген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жүргүзөт.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн планын макулдашуунун тартиби жана мөөнөтү ушул Мыйзамдын 20-беренесинде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Текшерүүнүн ошол эле предмети боюнча мурдагы пландык текшерүү бүткөн күндөн тартып бир жылдын өтүшү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүлөрдүн планына киргизүү үчүн негиз болуп саналат.

4. Ар жылдык планга төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:

1) белгиленген мөөнөттүн ичинде иши текшерилүүгө жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аталышы жана жайгашкан жери;

2) текшерүүлөрдү жүргүзүүнү пландаштырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (аймактык, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн) аталышы;

3) текшерүүнү жүргүзүүнүн мөөнөтү;

4) сакталышы жана аткарылышы текшерилүүчү ченемдик укуктук актылардын тизмеги.

5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча текшерүүлөрдүн ар жылдык планына бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тандалып алынган айрым органдары киргизилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым органдары текшерүүлөрдүн ар жылдык планына тандап алынып киргизилген учурда бир эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары менен эки жолу текшерүүнүн ар жылдык планына киргизилбейт.

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишинин мурдагы пландык текшерүүдө камтылган мезгил бүткөн күндөн кийинки мезгили пландык текшерүүдө камтылат.

(КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-8)
