# 4-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруунун негизги принциптери

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111311)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 32 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2131/edition/1246461/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111311/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 4-берене (06.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-4

---

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруунун негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишиндеги мыйзамдуулук, объективдүүлүк жана айкындык;

2) текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кызматтык этиканын нормаларын сактоосу;

3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын текшерүүлөрдү жүргүзүүсүн республикалык бюджеттин каражаттарынан гана финансылоо;

4) сакталуусу текшерилүүгө жаткан милдеттүү талаптарды белгилеген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын милдеттүү түрдө маалымдоосу;

5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине кийлигишпөө;

6) текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн үзгүлтүксүздүгү жана ыкчамдыгы, текшерүүлөрдү белгиленген мөөнөттүн ичинде толук жана максималдуу тездикте жүзөгө ашыруу;

7) милдеттүү талаптарды белгилеген мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жана дал келбестиктерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына каршы пайдаланууга жол берилбестик.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-5)
