# 3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111311)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 32 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112571)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311#diff=1246462..1246463>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2131/edition/1246461/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111311/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 3-берене (06.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-3

---

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси же кызматкери;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү камсыз кылуучу өкүлчүлүктүү, аткаруучу органдар;

3) текшерүү - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруусу жана сактоосу боюнча мамлекеттик контролдун жана көзөмөлдүн кандай гана болбосун формасы;

4) текшерүүнүн предмети - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алар тарабынан сакталышы;

5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөргө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар, алардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекитет.

(КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-4)
