# 28-берене. Корутунду жоболор

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111311)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 32 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2131/edition/1246461/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111311/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 28-берене (06.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-28

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүү үчүн төмөнкүлөрдү белгиленген тартипте киргизсин:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландык жана пландан тышкаркы текшерүүнү, контролдук текшерүүнү жана кайра текшерүүнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмегин;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландан тышкаркы текшерүүнү, контролдук текшерүүнү жана кайра текшерүүнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмегин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып:

1) өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

2) ушул Мыйзамды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.

4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып бир айдын ичинде:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдү макулдашуунун механизмин иштеп чыксын;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдүн бардык түрлөрүнүн бирдиктүү эсебин прокуратура органдары тарабынан жүргүзүүнүн тартибин кабыл алсын.

"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 13-апрелинде № 31 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-27)
