# 27-берене. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу органдардын жоопкерчилиги

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111311)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 32 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112571)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311#diff=1246462..1246463>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2131/edition/1246461/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111311/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 27-берене (06.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-27

---

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана анын кызмат адамдары текшерүүлөрдү жүргүзүүдө өздөрүнүн функцияларын жана кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаган, укукка сыйбаган аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган учурда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

2. Сот тартибинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы жөнүндө текшерүүнүн натыйжалары тастыкталбагандыгы текшерүү жүргүзгөн кызмат адамына карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан тийиштүү чараларды колдонуу үчүн негиз болуп саналат.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууда күнөөлүү кызмат адамдарына карата кабыл алган чаралар жөнүндө бир айлык мөөнөттө укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына билдирүүгө милдеттүү.

4 Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар же болбосо алардын кызмат адамдары тарабынан укукка сыйбаган аракеттердин натыйжасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын бузган, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерин талаптагыдай жүзөгө ашырбоонун натыйжасында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар же алардын кызмат адамдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына келтирген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ошол кызмат адамдары тарабынан толтурулууга жатат. (КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-28)
