# 26-берене. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын мамлекеттик коргоо

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111311)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 32 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112571)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311#diff=1246462..1246463>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2131/edition/1246461/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111311/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 26-берене (06.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-26

---

1. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын коргоо администрациялык жана (же) соттук тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Текшерүүчү кызмат адамынын аракеттери жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдери административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза аткаруу мыйзамдарында белгиленген тартипте жогору турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, прокуратура органына же түздөн-түз сотко даттанылышы мүмкүн.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурларда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын укукка сыйбаган аракеттерине жана алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүү тууралуу укуктук актыларына карата прокурордук реакция жасоо актысын кабыл алуу тууралуу өтүнүч менен прокуратура органдарына кайрылууга укуктуу.

(КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-27)
