# 25-берене. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдө айкындалган мыйзам бузуу фактылары боюнча көрүлө турган чаралар

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111311)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 32 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112571)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311#diff=1246462..1246463>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2131/edition/1246461/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111311/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 25-берене (06.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-25

---

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар айкындалганда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде:

1) жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу органдын чечими кабыл алынгандан кийин мыйзам бузууларды четтетүүнүн мөөнөтүн көрсөтүү менен мыйзам бузууларды четтетүү тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жазма эскертүүлөрдү жиберет;

2) укук бузуулар аныкталган учурда текшерүү актысына белги коёт жана укук бузуу тууралуу протокол түзөт, же болбосо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же кызмат адамына Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте тийиштүү чараларды көрүү тууралуу билдирүү жиберет;

3) кылмыш жасоонун бар экендигин көрсөткөн жетиштүү маалыматтар белгилүү болгон учурда текшерүү актысына белги коёт жана тийиштүү мамлекеттик органга жазуу жүзүндө билдирүү жиберет. Билдирүүгө жасалган кылмыштын жагдайларын тастыктай турган текшерүү актысы, документтердин көчүрмөлөрү жана башка материалдар тиркелиши мүмкүн. Адамды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-26)
