# 24-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана текшерүүчү кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111311)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 32 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112571)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311#diff=1246462..1246463>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2131/edition/1246461/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111311/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 24-берене (06.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-24

---

1. Текшерүүчү кызмат адамдары төмөнкүдөй укуктарга ээ:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинен же ыйгарым укуктуу кызмат адамынан текшерүү предметине түздөн-түз байланышы бар документтерди, маалыматтарды, түшүндүрмөлөрдү талап кылууга;

2) зарыл болгон учурларда документтерден көчүрмө алууга жана документтердин көчүрмөлөрүн чыгарууга;

3) эгерде текшерүүнүн предметине тиешеси бар болсо, объекттерге барууга, жайларды, мүлктөрдү карап чыгууга;

4) айкындалган мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө жазма эскертүүлөрдү милдеттүү аткаруу үчүн берүүгө;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууну четтетүүдөн баш тарткан же мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө четтетпеген учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрүүгө;

6) текшерүү предметине байланышкан маселелер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, алардын кызмат адамдарына усулдук жана/же практикалык жардамдарды көрсөтүүгө;

7) (КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Текшерүүчү кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) текшерүү башталардан мурда кызматтык ырастамасын көрсөтүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына текшерүү жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин (тескемесинин, буйругунун, жазма эскертүүсүнүн) бир нускасын берүүгө жана аны текшерүүнүн предмети менен тааныштырууга;

2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечиминде (тескемесинде, буйругунда, жазма эскертүүсүндө) белгиленген текшерүү жүргүзүүнүн предметине жана ушул Мыйзамга ылайык так текшерүү жүргүзүүгө;

3) текшерүүнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жумуш убактысында жүргүзүүгө;

4) зарылдык болгондо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын маселелери текшерилип жаткан адисинин катышуусунда текшерүүнү жүргүзүүгө;

5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу кызмат адамынын талабы боюнча текшерүүнү жүргүзүүгө негиз болгон же текшерүү жүргүзүлүп жаткан арыздарды (эгерде текшерүү арыздын негизинде демилгеленип жатса), ошондой эле башка документтерди, ошондой эле аткарылуусу жана сакталуусу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн мыйзамдардын талаптарын көрсөтүүгө;

6) текшерүүнү жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтердин көчүрмөлөрүн, документтерден үзүндү көчүрмөлөрдү алууга;

7) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын конкреттүү ченемдерин көрсөтүү менен текшерүүнүн жүрүшүндө айкындалган мыйзам бузууларды негиздөөгө;

8) жүргүзүлгөн текшерүү жөнүндө текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине жазып калтырууга;

9) текшерүүнүн жүрүшүндө алынган купуя маалыматтарды жайылтпоого;

10) ушул Мыйзамда каралган башка милдеттерди аткарууга.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) текшерүүлөрдү жүргүзүүгө байланышкан бардык сарптоолорду финансылоону республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырууга;

2) текшерүүгө жаткан талаптарды белгилеген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды жана ылайык келбестиктерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына каршы пайдаланбоого;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында карама-каршылыктар жана ылайык келбестиктер белгилүү болгон учурда аларды четтетүү же өркүндөтүү боюнча сунуштарды тийиштүү мамлекеттик органдарга жиберүүгө;

4) текшерүүгө жаткан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында талаптарын сактоо жана туура аткаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына түшүндүрмөлөрдү берүүгө;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, аларга жол бербөө жана бөгөт коюу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына усулдук жана/же практикалык жардам көрсөтүүгө.

(КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-25)
