# 23-берене. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111311)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 32 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112571)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311#diff=1246462..1246463>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2131/edition/1246461/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111311/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 23-берене (06.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-23

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүдөй укуктарга ээ:

1) текшерүүнү жүргүзүүчү кызмат адамынын кызматтык ырастамасын көрсөтүүсүн талап кылууга, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечими, текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналган арыз (эгерде текшерүү арыздын негизинде демилгеленип жатса) жана документтер менен таанышууга;

2) текшерүүнү жүргүзүүчү кызмат адамынан текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин (тескемесинин, буйругунун, жазма эскертүүсүнүн) көчүрмөсүн, ошондой эле текшерүүнүн натыйжасын чагылдырган актынын бир нускасын алууга;

3) текшерүүнү жүргүзүүгө ыйгарым укуктары жок адамдын текшерүүсүнө жол бербөөгө;

4) эгерде текшерүүнү жүргүзүүчү кызмат адамдарынын талаптары текшерүүнүн предметине тиешеси болбосо, алардын талаптарын аткарбоого;

5) аткарылуусу жана сакталуусу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн жана текшерилүүгө жаткан ченемдик укуктук актылар менен тааныштырууну талап кылууга;

6) текшерилүүгө жаткан мыйзамдарды талаптагыдай аткаруу жана сактоо боюнча усулдук жана/же практикалык жардамдарды (түшүндүрмөлөрдү, консультацияларды) алууга;

7) текшерүүнү жүргүзүүчү кызмат адамынан жүргүзүлгөн текшерүү тууралуу текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине жазып калтырууну талап кылууга;

8) текшерүүнүн натыйжасын жогору турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко даттанууга;

9) (КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) текшерүүнү жүргүзүүчү кызмат адамына ушул Мыйзамда белгиленген тартипте көмөк көрсөтүүгө;

2) текшерүүнү жүргүзүүчү кызмат адамынын мыйзамдуу талаптары боюнча текшерүү үчүн зарыл болгон документтерди жана башка материалдарды берүүгө;

3) текшерүүнүн предметине байланышкан маселелер боюнча маалыматтарды, түшүндүрмөлөрдү берүүгө;

4) эгерде текшерүүнүн предмети менен түздөн түз байланышта болсо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын объекттерин, мүлктөрүн карап чыгууга мүмкүнчүлүк берүүгө;

5) текшерүүгө тийиштүү документтер жана башка материалдар менен иштөө үчүн жумуш ордун берүүгө;

6) (КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-24)
