# 22-берене. Контролдук текшерүүлөрдү жана кайра текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын билдирүүлөрү

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111311)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 32 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2131/edition/1246461/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111311/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 22-берене (06.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-22

---

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине контролдук текшерүүлөрдү жана кайра текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууда тийиштүү райондун, шаардын прокуратура органдарына билдирүүлөрдү жиберет.

2. Тийиштүү райондун, шаардын прокуратура органдары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан алынган контролдук текшерүүлөрдүн, кайра текшерүүлөрдүн билдирүүлөрүнөн, ошондой эле пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн маалыматтарынан алынган маалымдарды Башкы прокуратура бекиткен тартипте текшерүүлөрдүн бардык түрлөрүнүн бирдиктүү эсепке алуусуна киргизет.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине контролдук текшерүүлөрдү жана кайра текшерүүлөрдү жүргүзүүнү прокуратура органдары менен макулдашуу талап кылынбайт.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-23)
