# 20-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн планын Башкы прокуратура менен макулдашуунун тартиби

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111311)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 32 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112571)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311#diff=1246462..1246463>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2131/edition/1246461/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111311/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 20-берене (06.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-20

---

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландык текшерүү жүргүзүү үчүн текшерүүлөр жүргүзүлө турган жылдан мурунку жылдын 10-декабрынан кечиктирбестен, ар жылдык пландын долбоорун Башкы прокуратурага макулдашууга жиберет.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын ичинде прокуратура органдарынын пландык текшерүү жүргүзүү боюнча планынын долбоору анын ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүсүнүн предмети жагында 10 жумушчу күндүн ичинде Башкы прокуратура тарабынан каралат.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландык текшерүү жүргүзүү боюнча долбоорун кароонун натыйжалары боюнча Башкы прокуратура бул пландын долбооруна макулдук берүүгө же болбосо өзүнүн сын-пикирлерин жана сунуштарын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүү менен бул пландын долбоорун макулдашуудан баш тартууга милдеттүү.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Башкы прокуратурадан келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен, текшерүү жүргүзүү планынын долбоорун макулдашуу үчүн Башкы прокуратурага кайра жиберет.

5. Башкы прокуратура ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген текшерүүлөрдүн такталган планы келип түшкөн күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жергиликтүү башкаруу органдарынын ишине пландык текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча пландын долбоорун макулдашууга милдеттүү.

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын (аймактык, түзүмдүк бөлүктөрдүн) текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу планын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси текшерүү жүргүзүлүүчү жылдан мурдагы жылдын 30-декабрынан кечиктирбестен бекитет.

7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине прокуратура органдарынын (аймактык бөлүктөрүнүн) текшерүү жүргүзүүсүнүн планын текшерүү жүргүзүлүүчү жылдан мурдагы жылдын 30-декабрынан кечиктирбестен Башкы прокуратура бекитет.

8. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, анын ичинде прокуратура органдарынын бекитилген ар жылдык пландары алар бекитилген күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде Башкы прокуратуранын жана тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын расмий сайттарында жайгаштырылууга жатат.

(КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-21)
